• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ташиев Кемпир-Абад сырынын четин ачты. Активисттин соттук иши созулду

10 Тогуздун айы 2022 19:13 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ КАЗАКСТАНГА БАРАТ

Президент Садыр Жапаров 12-14-октябрда Астана шаарындагы бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында 13-октябрда мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине катышат. Андан соң, 14-октябрда ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Россия” форматындагы 1-саммитке катышат.

Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, “Борбор Азия – Россия” форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат”, — деп билдирди Азымбакиев.

ЧЕК АРА КЕЛИШИМИ ТАЛКУУДА

Бүгүн, 10-октябрда Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралды.  Жыйында сүрөт, аудио, видео тартууга тыюу салынып, телефон, камералар киргизилген жок.

Ал ортодо комитет жыйынынын башталышы Жогорку Кеңештин ютуб каналы аркылуу түз берилип, бирок УКМКнын төрагасы маалымат берип баштагын соң ал да өчүрүлдү.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жабык кароонун себебин «жашыруун маалыматтарга байланыштуу» деп түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берип, ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Ошондой эле ал 10-октябрдагы парламент комитетиндеги жыйынды ачык өткөрүү тууралуу буйрук бергенин айткан.

“Президент кечээ ачык өтөт деп айткан, анын сөзү артка кайтарылбаш керек” деген депутат  Мирлан Самыйкожо телефонсуз жыйынга кирүүдөн баш тартты.

Ал эми депутат Адахан Мадумаров комитетке келишимдин долбоорлору 3 күн мурда депутаттарга берилиши керектигин белгилеп, регламент бузуулуу менен өтүп жатканын билдирди.

Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков келишимдин долбоору комитетке бүгүн гана келип түшкөнүн белгилеп, бүгүн долбоор боюнча чечим кабыл алынбай тургандыгын айтты.

Жабык эшик артында уланган жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди. Анын айтымында, Кемпир-Абад турган 4485 гектар суунун жери Өзбекстандын карамагына өткөрүүгө макулдашылды. А бирок сууну тең башкаруу келишимин кеңешишти. 8 кишиден турган башкаруу ишкана курулуп, эки өлкөдөн 4төн киши сууну башкарат.

«Мындай келишим эки өлкөгө тең пайдалуу. Анткени айтылган 19699 гектар жерди кайтарып берип, Кемпир-Абадды толук бойдон өлкөгө алып калсам болмок. Бирок, анда Өзбекстандын 2 миллион гектар жери сугатсыз калмак. Кыргызстан дагы бир канча айдоо жана жайыт жерден айрылмак», — деди Ташиев.

ЖК депутаты Марлен Маматалиев жабык эшик артында угулуп жаткан маалыматтар боюнча учкай комментарий берип, президент айтып жаткандай талаш жерлердин 99% Кыргызстанга өтүптүр деген пикирин кошумчалады.

Ал арада Өзгөн райондук администрациясынын алдына бир нече киши чогулду. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, алар Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу келишимдин парламентте ачык каралышын талап кылышкан.

Бул маселенин тегергенде нааразы пикирлерин билдирген жарандар Бишкек шаарындары Горький паркына чогулушту.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Андан соң коомчулукта Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан.

БЛОГЕР КАМАКТА КАЛДЫ

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 10-октябрда «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтүн узартты. Соттун чечимине ылайык Жекшеналиев 14-декабрга чейин абакта калтырылды.

Соттун чечиминен кийин сөз сүйлөгөн Жекшеналиев соттун темир тосмосун тепкилеп, нааразы пикирин айтты.

Соттук жараяндын алдындаЖекшеналиев журналисттердин суроолоруна кыскача жооп берип, 2 айдан бери эч кандай тергөө болбогонун айткан болчу.

Белгилей кетсек, Жекшеналиев 14-августта милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.

БЕКНАЗАРОВДУН СОТУ ӨТТҮ

Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып кармалган Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаровдун бөгөт чарасын узартуу маселеси каралып, 12-декабрга чейин абакта калтырылды.

Сот залынан Бекназаров «Govori.TVга» кыскача комментарий берип, өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу пикирин айтты.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров баласы Русландын экстремизмге шек саналып жатышын өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Ал баласынын эч кандай күнөөсү жок деп эсептейт.

Эске салсак, 14-сентябрда Бекназаров экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Милициянын кабарлашынча, ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен козголгон ишти тергеп жатат. Ишке байланыштуу Руслан Бекназаров суракка чакырылган.

Количество просмотров: 438