«KG Group» курулуш компаниясынын директору Имамидин Ташов менен Эрбол Токтогулов атту адам президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирип арыз тапшырышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлайт.
Ушуну менен президенттик шайлоого талапкер болуу ниетин билдиргендердин саны 31 адамга жетти.
Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер 7-декабрга чейин бир миллион сомдук күрөөнү жана керектүү документтерди тапшырышы керек.