• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Имамидин Ташовдун баштапкы соттук угуусу аяктады

30 Баш оона 202413:23 Бишкек Govori.TV

“Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп шек саналып кармалган ишкер Имамидин Ташовдун иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда баштапкы соттук угуу аяктады. Бул тууралуу “Азаттык” билдирди.

Соттук угууда Имамидин Ташовдун жактоочусу бөгөт чарасын өзгөртүп эркиндикке чыгаруу, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин талаптарын бузуу менен чогултулган метериалдарды иштен алып салуу боюнча өтүнүчтөрдү берген. Сот бардыгын четке каккан.

Буга байланыштуу ишкердин жактоочусу Самат Матцаков Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз бергенин, соттук отурумдун күнү азырынча белгилүү боло элек экенин айткан. Имамидин Ташовдун иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 23-августта карала баштаган.

Эске салсак, 10-январда атайын кызмат Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Ал издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөшкөнүн кабарлаган.

Андан тышкары ишкерге карата алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган.

Количество просмотров: 293