• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Иманалиев: Чек арада кармалгандарды үй камагына чыгаруу керек

21 Үчтүн айы 2020 12:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев
«Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шек саналып, 11-январда кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын кармалган төрт тургуну тууралуу маселени көтөрдү.

Анын айтымында, кармалган 4 жарандын баарысын үй камагына чыгаруу керек.

Ал эми Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов учурда 4 жарандын экөө үй камагына чыкканын билдирди.
Эске салсак, Баткен районунун Көк-Таш айылынын 11-январда кармалган төрт тургунунун бөгөт чарасы аныкталып, алар бир айга камакка алынган. Кечээ жакында алардын экөө үй камагына чыккан.

Количество просмотров: 19