Быйыл мектеп директорлорунун жана завучтардын айлыгын көтөрүү каралып жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Мугалимдин кадыр-баркын көтөрбөсөк болбойт. Президент менен Министрлер кабинети бул жагынан чоң кадам жасап, окутуучулардын айлыгын көтөрдү. Эми 1-апрелден тарта директор жана завучтун айлыгын көтөрүүгө 481 млн сом карап жатат. Бул дагы мугалимге болгон колдоо», — деди Иманалиев.
Бүгүн парламент жыйынында билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги каралууда.