• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Иманалиев: Кыргызстанда кошоматчылардын сынагын өткөрөйүн дегем

1 Жалган куран 2023 17:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-мартта парламент жыйынында Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги каралып жатат. Жыйында Иманалиев депутаттардын суроолоруна жооп берип, айрым маселелерди чечүү жолдору тууралуу эл өкүлдөрүнүн сунуштарын угууда.

Депутат Эмил Токтошевдин суроосуна жооп берип жатып Иманалиев, «Кыргызстанда кошоматчылардын сынагын өткөрөйүн дегем» деген пикирин айтты.

«Президентке да сизди тандаш өтө оор болсо керек. Себеби буга чейин канча министрлер тартып кете алган жок, ошондуктан бошотту. Демек ушул тармакты тартып кете турган, чыныгы адисти тандоодо оор сыноо болду. Садыр Нуркожоевичке ушул жерден пайдаланып «рахмат» дейт элем. Ар кандай кеп-сын айтылаарын билген», -деди депутат Токтошев.

Депутатка жооп берген Иманалиев «президент жакшы түшүнөт, Кыргызстанды кошоматчылар оңдобойт» деди.

«Мен парламентке келбесем гезитке жазайын деп жаткам, «Кыргызстанда кошоматчылардын конкурсун уюштурайын дегем» деп, бирок азыр министр болуп калбадымбы. Кыргызстандын түбүнө жеткен кечээки «Курманбек Салиевич» деп жүгүнүп жүргөндөр, бир күнү «Сооронбай Шарипович» деп жүгүнүп калып жатат, бүгүн кайра «Садыр Нуркожоевич» деп калды. Ошолордон арылганда өлкө өнүгөт, менде андай кошоматчылык сапат жок», — деди Иманалиев.

Количество просмотров: 568