• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Иманкулов АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

30 Үчтүн айы 202319:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 30-январда, америкалык тараптын демилгеси менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Тараптар глобалдык жана аймактык коопсуздук, терроризм, экстремизм жана наркотрафик коркунучтарын талкуулашты.

Мындан тышкары, Сириядан Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо, ошондой эле АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өлкөнүн маданий-тарыхый мурас объекттерин реконструкциялоого көмөктөшүү темасы да өзүнчө козголду.

Количество просмотров: 56