• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Орхан Инандыга паспорт берүү боюнча сот процесси башталды

2 Бештин айы 2021 11:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-декабрда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Орхан Инандыга Кыргызстандын паспортун берүү боюнча козголгон кылмыш ишин кароо башталды.

Сотко Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов алынып келинди.

Ниязовдун айтымында, «өздөрүнүн кылмышын жашыруу үчүн» Орхан Инандыны Кыргызстандын жарандыгынан ажыратуу аракети көрүлүп жатат.

«Мыйзам боюнча Инандыны жарандыктан ажырата алышпайт», — деди Ниязов.

Эскерте кетсек, 10-июлда ИИМ 2016-жылы Түркиянын 10 жаранына кыргыз паспортунун мыйзамсыз берилиши боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголгонун билдирген. ИИМден белгилешкендей, 2016-жылы Президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссия (Фарид Ниязов жетектеген) Түркиянын 10 атуулун кыргыз жарандыгына кабыл алуу тууралуу мыйзамсыз чечим чыгарып, андан кийин жарандыкка кабыл алуу боюнча президенттин (Алмазбек Атамбаевдин) тиешелүү жарлыгы чыккан. Буга байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече аткаминерге айып тагылган. 16-сентябрда кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна өткөрүлгөн.

Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны кармап, Түркияга алып келгенин билдирген.

Кошумчалай кетсек, Ниязов Жарандык маселелер боюнча комиссиянын башчылыгына 2012-жылдын февраль айында келген.

Количество просмотров: 259