• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орхан Инандынын камактагы мөөнөтү узарды

24 Жетинин айы 2021 9:48 Бишкек Govori.TV

Түркиянын атайын чалгындоо кызматы тарабынан Кыргызстандан уурдалып чыгарылып кеткен «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазды.

23-ноябрда өткөн соттук отурумга Инанды менен жактоочусу катышкан. «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү өз сөзүн Кыргызстандан Түркияга кантип алынып келингенин баяндоо менен баштаган. Соттун чечими менен Орхан Инандынын камактагы мөөнөтү узартылып, кийинки отурум, 2022-жылдын 3-февралына жылдырылды.

Эске салсак, Орхан Инанды үстүбүздөгү жылдын 31-майында Бишкектеги өзүнүн жашаган үйүнүн жанынан уурдалган. Ал дээрлик бир ай бою дайынсыз болуп, андан кийин 6-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды террорчуларга каршы операциянын алкагында өлкөгө алынып келингенин билдирген.

Количество просмотров: 721