• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Индияда 8 альпинист жоголду

3 Кулжа 201916:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.

Индиянын эң бийик экинчи тоосунда 8 альпинист жоголду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, 7800 метр бийиктиктеги Нанда дөөсү аталышындагы тоого Америкадан, Англиядан жана Австралиядан барган альпинисттер жума күнү болжошкон жерге кайтып келишкен эмес. Бул боюнча ыкчам издөө иштери уланып, тик учактар да катышкан. Бирок, аба-ырайы начарлап кеткендигине байланыштуу тыныгуу берилген.

Кошумчалай кетсек, тийиштүү кызматкерлер тоодо көчкү түшкөн болушу мүмкүн экенин айтууда.


Количество просмотров: 19