Индиянын чыгышында индустардын диний майрамын белгилеп жаткан 46 адам, анын ичинен 37 бала сууга чөгүп каза болгонун Би-Би-Си билдирди.
Бихар округунун 15 районунда каза болгондор тастыкталды. Табигый кырсыктарды жоюу боюнча расмий өкүлдүн айтымында, адамдар жакында болгон суу ташкынынан улам көбөйгөн дарыяларга жана көлмөлөргө ырым-жырым менен жуунуп жатып каза болгон. Каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экендиги белгиленүүдө.
Үч күндүк «Дживитпутрика» фестивалы жыл сайын өткөрүлөт. Майрамда энелер балдарынын жакшылыгы үчүн сууга түшүшөт. Өткөн жылдын июль айында Уттар-Прадеш штатынын түндүгүндөгү диний жыйындагы тыгында 121 адам каза болгон.