• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Индияда жол кырсыгынан 9 адам мерт кетип, 23ү жаракат алды

5 Бештин айы 2019 14:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-декабрда Индиянын Мадхья-Прадеш штатында болгон жол кырсыгынан кеминде 9 адам каза болуп, 23ү ар кандай деңгээлде жаракат алышты. Бул тууралуу жергиликтүү полиция кызматы билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Мадхья-Прадеш штатында бейшемби күнү автобус менен жүк ташуучу унаа кагышкан.

«Кырсыктан жабыр тарткандардын баары ооруканага жаткырылган. Автобустун 10 жүргүнчүсүнүн абалы оор», — деп билдирет полиция кызматынын өкүлү Абид Хан.

Полициянын маалыматында, эки унаа катуу кагышкандыктан автобустун 4 жүргүнчүсү окуя болгон жерден метр кеткен.

Жол кырсыгы эмне себептен болгону белгисиз.

Количество просмотров: 24