• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Индиянын премьери социалдык баракчасына саммит тууралуу кыргыз тилинде билдирүү жазды

15 Кулжа 201918:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.06.2019.Govori.TV.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди социалдык тармактагы баракчасына кыргыз тилинде саммиттин жемиштүү өткөнүн жазып, ыраазычылык билдирди.

https://twitter.com/narendramodi/status/1139556687675908096/photo/1

«Мейман дос кыргыз элине ШКУнун саммитинин жемиштүү өткөнүнө чоң ыраазычылымды билдирем. Бул саммит көп кырдуу кызматташтыкты бекемдеп, көптөгөн позитивдүү жыйынтыктарды алып келет деп ишенем. Кыргыз мамлекетине жана президент Сооронбай Жээнбековго мейман достугу үчүн ыраазычылыгымды билдирем», — деп жазат Нарендра Моди.

https://twitter.com/narendramodi/status/1139562711254274048/photo/1

Эске салсак, 14-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүп, анда Индия менен КРнын ортосунда бир катар документке кол коюлган.

Количество просмотров: 16