• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Президент Сооронбай Жээнбеков Индонезиянын өлкө башчысы Джоко Видодого көңүл айтты

1 Тогуздун айы 2018 8:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.10.2018. Govori.TV
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезиянын Сулавеси аралында болгон цунаминин кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодого көнүл айтты.
“Индонезия Республикасынын Сулавеси аралында болгон цунаминин кесепетинен көптөгөн адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен, бардык жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм”, — деп белгиленет Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.
Количество просмотров: 25