• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

189 адам менен Ява деңизине кыйрап түшкөн учактын «кара кутусун» табышты

1 Жетинин айы 2018 16:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.10.2018.Govori.TV.
Индонезиялык суучулдар бортундагы 189 адам менен Ява деңизине кыйрап түшкөн учактын «кара кутусун» табышты. Бул тууралуу Индонезиянын Издөө, куткаруу агенттигинин башчысы Мухаммад Сяуги билдирди.
Аба каттам тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз жаздырууга ыңгайлашкан бул жабдык кырсык аймагына жакын, 30 метр тереңдиктен чыгарылды. Кара кутудагы маалыматты анализдеп чыгууга үч жумадай убакыт кетери кабарланды.
Суучулдар учурда учактын кабинасындагы үн жаздыруучу аппаратты издеп жатышат.
Lion Air аба компаниясына таандык «Boeing 737 MAX» учагы дүйшөмбүдө Жакартадан Панкалпинанг шаарчасына баратып, асманга көтөрүлгөндөн 13 мүнөттөн кийин кырсыкка учураган. Бортундагы адамдардын бирөө да тирүү табылган жок.
Количество просмотров: 26