Информатика боюнча эл аралык олимпиадада Кыргызстандан төрт мектеп окуучусу коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу олимпиаданын сайтында маалымдалды.
Олимпиада 19-июндан 26-июнга чейин өткөн. Бул жылы уюштуруу комитети Сингапурда иштеди, бирок пандемияга байланыштуу мелдештер онлайн режиминде өттү. Аларга 88 мамлекеттен 351 мектеп окуучусу катышты.
Быйыл Кыргызстандын атынан төрт гана мектеп окуучусу катышып, алардын бардыгы коло медалга ээ болушту.