• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Инисинин аёосуз сабалганын айткан жаран Жапаров менен Ташиевге кайрылды (видео 18+)

22 Тогуздун айы 2020 15:47 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Өзгөн районундагы Шоро-Башат айылынын Нурсултан Иметалиев аттуу тургуну аёосуз сабалган видео тарады. Анын эмне себептен сабалганы тууралуу бир тууган эжеси Нургүл Ырысбаева фейсбук баракчасына жазды.

FВ колдонуучунун маалыматына караганда, окуя 5-октябрда болгон. Жабырлануучуну айылдаштары А.К., Б.Р., К.Д., ошондой эле Мырза-Аке айылынын тургуну Д.О. жолугушууга чакырышкан.

«Иним жаман ою жок телефон чалган адам менен жекеме-жеке сүйлөшөм деп ойлогон. Жолдон эки досуна жолугуп, алар шишкебек жеп келүүнү сунушташат. Бирок, иним алгач чалган адамдарга жолугуп келүүнү туура көрүп, эки досун ээрчитип алат. Алар унаанын артында отурушкан. Иним унаадан түшөрү менен бирөө тапанча башына уруп, андан соң топ менен сабай башташкан. Экөөнүн колунда тапанча, калгандарында электр шокерлери болгон», — дейт Ырысбаева.

Жабырлануучунун эжеси билдиргендей, инисинин досторунун бири жардамга чуркап барып, күчү жетпесин түшүнүп, тууганын чакырууга жөнөгөн. Ал эми экинчи досу качып кеткен. Досу жардамга чакырган тууганы менен барганда окуяга шектүүлөр жок болушкан. Окуяга чейин 15 күн мурун А.С. аттуу жигит досторуна Нурсултанды байкелери атып кетет деп айткан.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=2438947673079233&id=100008920729080

Количество просмотров: 54769