Ички иштер министрлиги Instagramдагы interes_talas баракчасынын администраторунун кармалышынын чоо-жайын ачыктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
10-февраль күнү Талас облусунун ички иштер башкармалыгына Талас шаарынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 8-февраль күнү кечки саат 22:00 чамасында Instagram баракчасынын администратору interes_talas ага коркутуп-үркүткөн билдирүү жөнөткөн. Жеке интимдик сүрөттөрүн жарыялайбыз деп коркутуп, андан 5 миң сом талап кылышкан.
Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Талас шаарынын тургундары 1974-жылы туулган И.С. жана 2007-жылы туулган Т.Х., тергөө иштеринин жүрүшүнө таасир көрсөтүү максатында облустук милициянын ыкчам кызматкерине 150 миң сом өлчөмүндө пара сунушташкан.
Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча дагы кылмыш иши козголду.
ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жана Талас ОИИБнин кызматкерлери тарабынан пара берип жаткан жеринен кылмышка шектүү И.С. жана Т.Х. кармалышты. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Иликтөө иштеринин натыйжасында жаран Т.Х. 25 000 жазылуучусу бар interes_talas Instagram баракчасынын администратору болгон жана жаран И.С. анын тууганы болгон.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Милиция Инстаграмдагы interes_talas баракчасынан жабыркаган жарандарды 0342253142, 0703123304 номурларына байланышууну өтүнөт.