• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Интеллектуалдык менчик жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы бекитилди

25 Бугу 2022 13:01 Бишкек Govori.TV

2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы бекитилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Бул программаны бекитүү чечими Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, ошондой эле 2026-жылга карата Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын теңделген жана натыйжалуу экосистемасын калыптандыруу үчүн шарттарды түзүүнү ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 74 053 интеллектуалдык менчик объектилери корголууда.

Количество просмотров: 101