Социалдык түйүндөрдө өспүрүм баланы аёсуз сабап жаткан эркек кишинин видеосу тарады.
Тасмада 30-35 жаштагы эркек киши өспүрүм баланы ур-токмокко алып, жаман сөздөр менен сөгүп жатканын көрүүгө болот. Бул видео кызуу талкууга алынууда. Видео качан жана кайсы жерде тартылганы азырынча белгисиз.
Социалдык тармактын колдонуучулары видеодогу кичинекей баланы аёсуз уруп жаткан адамды «мыкаачы» , «жоопкерчиликке тартуу керек » деген сыяктуу билдирүүлөрдү калтырышкан.