Бишкек.07.08.2019.Govori.TV.
Кыргызстандагы Internews уюму тарабынан Бишкекте жайгашкан Ботаникалык бакчаны сугарууга көмөк көрсөтүлдү.
Маалым болгондой, Бишкекте Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бакча кургап жаткан. Анын төмөнкү тарабындагы бак-дарактар такыр сугарыла элек. Совет доорунда салынган суу арыктары бүтөлүп, жараксыз абалга келип калган.
Мындан улам Internews өздөрү каражат топтоп үч унаа менен үчтөн жолу каттам кылып, сугаруугу катуу муктаж болгон бак-дарактарга суу куюлду.
Ал эми активисттер коомчулукка жардам сурап кайрылууда.