• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Интерньюстун» мурдагы директору Манана Асламазян каза болду. Эртең Бишкекте эскерүү жыйыны өтөт

31 Баш оона 2022 17:35 Бишкек Govori.TV

Ереванда Internews фондунун мурдагы башкы директору, ТЭФИ сыйлыгынын лауреаты Манана Асламазян каза болду. Бул тууралуу журналист Виктор Мучник «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Бүгүн Ереванда Манана Асламазян каза болду. Аны автоунаа сүзүп кетти. Биз 30 жылдан бери достошуп келгенбиз… Бүгүн кечинде жолугушубуз керек эле. Көрүшпөй калдык. Телефон чалып байланыша албай койдук, ал мындай кылчу эмес. Издеп жөнөдүк. Реанимацияда өмүрүн сактап кала алышпаганын айтышты», – деп жазды Мучник.

Манана Асламазян 1952-жылы 10-январда Ереванда төрөлгөн.

Орусияда ал башкы кеңсеси АКШда жайгашкан Internews International ассоциациясынын курамына кирген Internews фондун жетектеп, көз карандысыз маалымат каражаттарын колдоо менен алектенген.

Асламазян — 2002-жылы «Орусиянын медиаменеджери» сыйлыгынын «Медиабизнестин өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн» деген атайын номинациясынын лауреаты болгон. Мындан тышкары ал аймактык телеберүүлөргө кадрларды даярдаганы үчүн Орусиянын телеберүү академиясынын «Орус телеберүүсүнүн өнүгүүсүнө кошкош жеке салымы үчүн» деген атайын сыйлыгын алган.

Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 1-сентябрда Манана Асламазяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу эскерүү жыйынын өткөрөт.

Количество просмотров: 99