• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Инвесторлор Кыргызстандан эмне үчүн качат?

4 Жалган куран 2019 13:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.03.2019. Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жок дегенде жылына сыртка чыгып бирден долбоор алып келсеңер дагы 40 районго жылына 40 долбоор менен   инвесторлор келет», — деди. Ага чейин ички инвесторлорго жана сырттан келгендерге дагы бирдей шарт түзүлөөрүн Россия каналына маек бергенде белгилеген.

 Бирок, белгилүү болгондой майда-чоң инвесторлор Кыргызстандан жаа бою каччу болду. Себеби, укук коргоо органдары чаласабат иш алып барып инвесторлорду  дээрлик дем алдырбайт экен. Муну Президент дагы моюндайт. Ошондуктан “Региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” конференциясында прокуратура жана башка күч органдарындагы мыйзамсыз иштер туурасында «Прокуратура жана башка күч органдарындагы иштер мурдагыдай көмүскө болбойт. Кааласа ишти жаап коюп, кааласа ачканга мүмкүндүк болбойт.»-деди.

 «Говори ТВ» мультимедиалык агенттигине мына ушундай укук коргоо органдарындагы башаламан иш-аракеттерден улам жабырлануучудан айыпталуучуга айланып, камакка алынган россиялык бизнесмендин жакындары кайрылып, Президенттен  үмүт кылып жатышканын белгилешти.  

 Маселенин чоо жайы төмөндөгүдөй экен. Россиянын жараны Сергей Фищенко 2013-жылы Кыргызстанга келип, кыргызстандык жарандар менен биргеликте кыргыз-россиялык «Фирма АКИФ» ОсООсун негиздеп, 2013-жылы «Россиялык инвестициялык банктан»  3 миллион  доллар кредит алышат. Алынган акча каражаты Ош базарындагы эт саткан павильондун материалдык абалын негиздегенге жумшалат. Муну аталган фирманын директорунун орун басары дагы баса белгиледи.

  Алынган кредит  2016-жылдын март айына чейин үзгүлтүксүз төлөнүп келип, андан бери чырлуу маселеге айланган. Себеби,  редакцияга кайрылгандардын маалыматына караганда аталган бизнес «Фирма АКИФ» ОсООсунун Башкы директору Исмар Майсызов аттуу адамдын жана анын айланасындагылардын аракети менен рейдерлик басып алууга туш болгон. Муну ушундай деп атай берүүгө болот. Себеби, аталган иштин катышуучулары Муктарбек Аманкулов соттолуп, Фарида Аблямитова  Болот Абдыкаровго издөө жарыяланган.

 Исмар Майсызовдун үстүнөн сот бир жылдан ашуун убакыттан бери уланып, учурда Биринчи Май райондук Сотуна кайра кайтарылган. Он ай аралыгында бул кылмыш жоопкерчилигине   тартылып жаткан адамдар тарабынан 33 миллион сомдун изи чыкпай жоголгон. 

 Минтип «ФИРМА АКИФти» басып алуу аракети болгондугу укуктук жактан далилденип, сот иштери жүрүп жаткандыгына карабай учурда «Фирма АКИФ» ОсООсунун негиздөөчүлөрүнө финансы полициясы иш козгогон.

  Мындай официалдуу маалымат берилип жатканы менен финансы полициясы козгогон кылмыш ишинде кызыктар арбын.   Анткени, кредиттик келишимге ылайык рейдерлик басып алуу болгонго чейин «Росинбанктан» алынган кредитти «Фирма АКИФ» ОсООсу төлөп келген. Келишимге ылайык күрөөгө коюлган фирманын мүлктөрүнөн сырткары, учредителдердин жеке мүлктөрү,  анын ичинде россиялык жаран учурда камакта отурган Сергей Фищенконун дагы мүлктөрү  күрөөдө турат.

   Исмар Майсызов баштаган топтун кылмыштуу аракети жогоруда айтылгандай Муктарбек Аманкуловго чыккан соттун чечими менен рейдерлик басып алуу экендиги аныкталыптыр. Кызыгы, ушуга карабастан  финансы полициясынын тергөөчүсү Сабиров Майсызовго тагылган алдамчылык жана жасалма документ боюнча айыпты алып салган. Ал эми Исмар Майсызовго козголгон кылмыш ишинде Сергей Фищенко жабырлануучу экендигине карабастан аны айыпталуучу кылууга жан далбастаганы түшүнүксүз.  

 Биз аталган иштин материалдары менен таанышып чыгып, тергөө иштерине байланыштуу бир катар суроолор пайда болгондуктан «АКИФ фирмасынын» иши боюнча Башкы прокуратурага суроо-талап жөнөттүк. Бул боюнча кошумча маалыматтарды беребиз.  Кредитти берген «Росинбанк» менен байланышканыбызда банктын өкүлү «Фирма АКИФ» арыз берүүчү болуп саналбайт» деген кыска гана жоопту узатты. Арыз берүүчү болуп саналбаса күрөөдө турган мүлктөр эмнеге «АКИФ фирмасына» таандык деген сурообуз дагы жоопсуз калды.

  Кыскасы, «АКИФ фирмасын» рейдерлик басып алуу болгондугу Муктарбек Аманкуловдун соттолушу жана Фарида Аблямитова , Болот Абдыкаровго издөө жарыялангандыгы менен далилденип турат. Муну кайталай берүүнүн кажети жок. Ал эми Россиянын жараны болгон инвестор Сергей Фищенко эмненин негизинде камакта отурат? Жабырлануучудан кантип айыпталуучуга айланып калды? Айтор суроо арбын.   Жыйынтыктап айтканда, укук коргоо органдары тарабынан сырттан келген инвесторлорго мындай мамиле улана берсе Президент Сооронбай Жээнбековдун инвесторлорду тартуу тууралуу жакшы тилеги жомок бойдон калат. Тагыраагы, анын ишке ашпай калышына жабырлануучу менен айыпталуучунун айырмасын билбеген же билсе дагы атайы жасаган тергөөчүлөр себепчи болушу толук мүмкүн.      

Количество просмотров: 34