• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Иорданиядагы Азия чемпионатында кыргыз балбандары 4 медаль тагынды

17 Теке 2023 9:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын эркин күрөш (U-15) боюнча курама командасы Азия чемпионатында 1 алтын, 3 коло жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Белгилей кетсек, оюндар Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат.

41 кг чейинки салмак категориясында катышкан Садырбек Кайыпбеков алтын медаль тагынды.

38 кг чейинки салмакта Калыбек Бактыбеков, 44 кг чейинки салмак категориясында Жакшылык Боробаев жана 57 кг чейинки салмакта Талгарбек Ашымов коло медаль тагынышты.

Количество просмотров: 46