• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Иракта кыргызстандык аял өлүм жазасына тартылды

18 Чын куран 2018 11:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.04.2018. Govori.TV

Кыргызстандын жарандыгы бар аял Иракта өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу ВВСнин орус кызматы маалымат таратты.

Андагы маалымат боюнча, Иракта жакынкы аралыкта 7 чет өлкөлүк аял “Ислам мамлекети”  аталган тыйуу салынган экстремистик топко мүчө болгондугу үчүн өлүм жазасына тартылган. Алардын үчөө азербайжандык, бирөө кыргызстандык, эки орусиялык жана экөө франциялыктар болушканы айтылат.

Бул боюнча КР ТИМнен сураганыбызда, азырынча жарандын жазага тартылганы боюнча тастыкталган маалымат жоктугун, бул боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдиришти.

 

Количество просмотров: 28