• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Иран Кыргызстанга гумжардам жөнөттү

14 Баш оона 2020 17:08 Бишкек Govori.TV

Иран Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Иран Кыргызстанга экинчи ирет гуманитардык жардам берип жатат.

«Иран өлкөсү коронавирус менен күрөшүүдөгү кыйынчылыктарына карабай гуманитардык жардам көрсөтүп жатканы эки мамлекеттин ортосунда боордоштук алака бар экенинен кабар», — деп билдирет министрлик.

Гуманитардык жардамды тапшыруу аземине Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы К.Шадыханов, Кыргызстандын Ирандагы элчиси А.Абдуразаков жана Ирандын
Кыргызстандагы элчиси Саид Харази катышкан.

Количество просмотров: 85