• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Иранда Эмомали Рахмондун кайниси көз жумду

12 Бештин айы 2022 9:03 Бишкек Govori.TV

Иранда Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун 54 жаштагы кайниси Хусейн Асадуллозода каза болду. “Озоди” радиосунун өз булактары 11-декабрда билдиргендей, маркумдун сөөгү Тажикстанга дүйшөмбү күнү кечинде жеткирилет.

Хусейн Асадуллозоданын жүрөк оорусу болгон, буга байланыштуу эки апта мурун Иранга дарыланууга кеткен.

«Ал өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган жана өткөн түнү Тегеран ооруканасында көз жумду. Туулган айылы Чапаевде акыркы сапарга узартууга даярдык көрүлүүдө», — деп билдирген «Озодинин» өз булагы.

Хусейн – Эмомали Рахмондун жубайы Азизамох Асаддулозоданын эгиз инилеринин бири. Түгөйү Хасан Асадуллозода – «Ориенбанктын» төрагасы жана «Сомон Эйр» менен катар бир нече чакан жана ири компаниялардын ээси.

Хусейн Асадуллозода Леваканд шаарында күйүүчү май сатуу менен алектенген «Нафтрасон» компаниясын жетектеп келген.

Эмомали Рахмондун дагы эки кайниси бар: мурда «Барки Точик» энергохолдингинде жогорку кызматты элеген Амонулло Асадуллоев ушул тапта «Сомон Согд» компаниясын жетектейт. Амирулло Асадулло Бохтар шаарынын администрациясын башкарган. Тажикстан президентинин башка туугандары бизнес менен алектенишет жана мамлекет башчынын таасиринен пайдаланышат.

Количество просмотров: 5880