Бишкек.14.01.2019.Govori.TV.
Бүгүн Бишкектен учкан «Boeing 707» үлгүсүндөгү учак Тегерандын аймагынан кырсыкка учураган учакта кыргызстандык жарандар болгон эмес. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учак Ирандын борборунун четиндеги Сафадашт шаарынын аймагында кулаган. Учак жүк ташуучу болгон. Ал Бишкектен Тегерандын четиндеги Кередж шаарына бараткан. Бортто экипаждын 10 мүчөсү болгон. Учакта 30 тонна эт жүктөлгөн.