Бүгүн, 21-февралда Иранда парламенттик шайлоо өтүп жатат.
Маалыматка ылайык, шайлоодо 290 орунга 7100 талапкер ат салышууда.
Ирандын президенти Хасан Роухани АКШ жана Европа өлкөлөрү менен диалог түзүүнү колдойт. Ал эми консерваторлор анын саясатын сындап келет. Роухани өлкөгө болгон экономикалык санкцияларды азайтуу үчүн Ирандагы өзөктүк программаны артка кайтаруу боюнча ири державалар менен болгон 2015-жылдагы келишимди ишке ашырууга бир топ аракетин жумшады.
Эгерде катаал линиянын тарапташтары болгон консерваторлор парламентте көпчүлүк орунду ээлесе, эксперттер Тегеран менен Вашингтондун чыңалуусу күч аларын белгилешет.
Булак: «Марал»