• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ирандагы жер титирөөдө 400 дөй киши жабыркады

26 Жетинин айы 2018 11:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.11.2018.Govori.TV.
Ирандын батыш аймагында 26-ноябрда таңга жуук күчү 6,3 баллга жеткен жер силкинүүдө бери дегенде 400 адам жабыркады. Өкмөт азырынча курмандыктар бар же жогу анык эместигин билдирди.
АКШнын Геология кызматы кабарлагандай, термелүүнүн очогу Ирак менен чек арага жакын Илам шаарынан 114 км түндүк-батышта орун алды.
Ирак менен чектешкен бул аймакта 2017-жылдын ноябрында да күчү 7,3 баллга жеткен зилзала болуп, 620 адамдын өмүрүн алган, миңден ашууну жабыркаган болчу.
Количество просмотров: 82