Бишкек.14.06.2019.Govori.TV.
Ирандын президенти Хасан Рухани Бишкекте өткөн ШКУ саммитинде АКШнын бийлигинин аракетин сындады.
“АКШ өлкөсү финансылык жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, агрессивдүү аракеттерди жасап жатат. Алар дүйнөгө жана регионго олуттуу коркунуч жаратууда», — деген оюн билдирди президент Рухани.
Муну менен катар, ал Америка, Иран жана дагы башка мамлекеттин ортосундагы программадан бир тараптуу чыгып кеткенин билдирди.
Белгилей кетсек, Бишкекте ШКУ саммити аяктап, Иран ага байкоочу макамында катышты.