• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Ири пара менен кармалган Азимкан Жусубалиев 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

19 Теке 20199:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.07.2019.Govori.TV.

Транспорт жана жолдор министрлигинин мурдакы орун басары Азимкан Жусубалиев 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн соттук отурум өтүп, анда прокурор Азимкан Жусубалиевди 20 жылга, ортомчулук кылды деп айыпталып жаткан Болотбек Токтобаевди 4 жылга эркинен ажыратууну жана мүлкүн конфискациялоону сураган. Ал эми ишти ачууга көмөк көрсөттү деген Бехрус Гулрузовго коюлган беренени өзгөртүп, айып салууну сураган.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 5-декабрында транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев «Тоdini» (Италия) деп аталган компаниядан 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалып камакка алынганын УКМКнын басма сөз кызматы тараткан. УКМКнын маалыматына караганда, Жусубалиев ал компаниядан жалпы жонунан пара катары 520 миң доллар сурап, буга чейин 120 миң долларын колуна алган, калган бөлүгүн кийинки апталарда алууну пландаган.

Количество просмотров: 12