• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ирина Карамушкина: КСДПнын съездинде саясий кеңештин курамы өзгөртүлөт

4 Чын куран 2019 16:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.04.2019. Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 6-апрелде КСДПнын Алмазбек Атамбаев жетектеген  тарабынын съездинде партиянын саясий кеңеши өзгөртүлөрүн “Govori.TV” агенттигине билдирди.

“Съездде саясий кеңештин курамы өзгөртүлөт. Анткени көпчүлүк мүчөлөрү фейк кыймылдын тарабына өтүп кетишти. Айрымдары коркуп жатышса, кээ бирөөлөрүнө коркутуу болууда. Атамбаевдин тарабында тургандарды сатып алуу Президенттин аппаратынын деңгээлинде жүрүп жатат”,-деди Карамушкина.

Кошумчалай кетсек,  “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын съезди өтүп, анын жыйынтыгында партияга жаңы төрага болуп, Сагынбек Абдрахманов тандалган.

Количество просмотров: 9