• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ирина Карамушкина: Президент көзүмө тик карап туруп мамлекетте эмне болуп жатканын айтыш керек (Видео)

10 Тогуздун айы 2019 11:50 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина президентке кайрылып, аны кабыл алууну суранды. Бул тууралуу Карамушкина парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында президент кабыл алып, көзүңө тик карап туруп мамлекетте эмне болуп жатканын айтыш керек.

«Атамбаевге коюлуп жаткан айыптардын бардыгы силердин макулдугуңар менен жасалбады беле! Ошол учурда төрага Асылбек Жээнбеков эмес беле, ошол маалда партиянын досу, үзөңгүлөшү Сооронбай Жээнбеков эмес беле. Анда учурунда макулдук берсе аларды «кылмышка кошо катышкан» деш керек. Парламент макул болуп, эч ким унчуккан эмес. Ошол маалда мен Сооронбай Жээнбековдун да, Асылбек Жээнбековдун дагы “Атамбаев, сен туура эмес кылып жатасың, модернизация туура эмес болуп жатат” деп айткандарын укканым жок”, — деди депутат.

Количество просмотров: 122