Бишкек. 31.05.2018. Govori.TV
«Сапар Исаковго козголгон кылмыш ишинин артында саясий куугунтук жок деп ишенгим келет». Бул тууралуу КСДПчы депутат Ирина Карамушкина басылмалардын бирине берген маегинде белгиледи.
Анда ал экс-өкмөт башчынын үстүнөн козголгон кылмыш иши тууралуу өз оюн айткан. “Эгер, Сапар Исаковдун ТЭЦ боюнча алынган насыя акчаларга, кандайдыр бир афераларда, оңдоп-түздөө иштеринде катыштыгы болсо, ал далилденсе, жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептейм”, — деп билдирет депутат айым И.Карамушкина.
Эске салсак, Сапар Исаков Өкмөт башчылык кызматтан кетип, УКМКга суракка барган алгачкы күндөн бери эле өзүнө карата саясий куугунтук болуп жатканын айтып келет.
Фото:Спутник