• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Иса Өмүркүлов митингди эмес Люксембургдагы сессияны тандадыбы?

3 Теке 2019 10:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов депутаттык топтун курамында Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча парламенттик ассамблеянын сессиясына катышуу үчүн Люксембургга кеткен. Бул тууралуу аталган фракция билдиргенин 24.kg агенттиги жазып чыкты.

Социалдык тармактарда Өмүркулов «шашылыш өлкөдөн чыгып кетти» деген маалымат жарыяланган.

Билдирүүнү КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Темирлан Султанбеков жазган. Комментарийлерде Өмүркулов мурунку президенттин тарапташтары 3-июлда өткөрө турган митингден улам качып кетти деп да жазышкан.

Фракциянын катчылыгы Люксембургдагы сессия 4-8-июль күндөрү өтө турганын белгилеп, Өмүркулов кыргызстандык делегацияны жетектеп кеткенин айтты. Курамында депутаттар Бакыт Төрөбаев, Каныбек Иманалиев жана парламент аппаратынын башка кызматкерлери бар.

Сессиянын алкагында туруктуу комитеттин, ассамблеянын саясий жана коопсуздук, экономикалык, илимий маселелер, айлана-чөйрө, технология, адам укугу, гуманитардык маселе боюнча жалпы комитеттеринин жыйыны пландаштырылган.


Количество просмотров: 3