• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Иса Өмүркулов Ирина Карамушкинага жооп айтты

29 Жетинин айы 2018 13:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.11.2018. Govori.TV
Депутат Иса Өмүркуловдун айтымында, КСДПнын көп сандаган мүчөлөрү баарына чекит коюп, партиянын саясий кеңешинин айрым мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө баа берет. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин отурумунда Ирина Карамушкинанын сүйлөгөн сөзүнө түшүндүрмө берип жатып айтты.
Иса Өмүркуловдун билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө партиянын ар бир мүчөсү бирдей укуктарга ээ.
«Биздин партиялаштар өлкөнүн кызыкчылыгын, туруктуулугун сактоо үчүн баррикадада жүруштү. Көпчүлүгү Ала-Тоо аянтында жок болушту. Бул тууралуу унутпоо керек. Бүгүнкү күндө өзүбүз партияны бөлүп-жарып, бузбашыбыз керек», -деди ал.
«Ирина Карамушкина айткандай карапайым, партиянын нак мүчөсү болбогондор бир күчтү түзүп, режимди жеңе алды. Бүгүн аларды экинчи сорт катары атоо шылдыңдоого тете. Арыз жазгыла деп чакырык таштабашы керек. Биз баарыбыз бирбиз, биз президентти колдоо үчүн чыктык», -деп кошумчалады Иса Өмүркулов.
Буга чейин ал мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин киреше булагын текшерүү керек деп айтып чыккан.
Эске салсак, Ирина Карамушкина КСДПга каршы таарынычы барлар чыгып жатат деп билдирген.
Количество просмотров: 41