• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Карамушкина депутаттардын аз экенине байланыштуу жыйынды токтотууну талап кылды

13 Бештин айы 2018 15:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.12.2018.Govori.TV

 Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина спикерге бүгүн парламенттин жалпы жыйынына келбеген депутаттардын бир күндүк айлык акысын бербөө керек деген пикирин айтып чыкты.  Ал жыйында депутаттардын дээрлик көпчүлүгү жок болгонуна байланыштуу, жыйынды токтотууну талап кылды.

«Жыйында дээрлик эки фракция жок. “Республика — АтаЖурт” жана “Кыргызстан” фракцияларынан бирден гана депутат отурат. Залда болгону 10 эле депутат болгондуктан биз жыйынды уланта албайбыз. Бул биринчиден чакырылгандарды сыйлабагандык. Экинчиден, жыйынды токтотуп, келбеген депутаттардын бүгүнкү маянасын төлөбөш керек»,-деди Карамушкина.

Төрага Дастанбек Жумабеков каттоодон 81 депутат өткөнүн, кворум бар экенин айтып, депуттардын өзүн башка кызматташтары үчүн каттоодон өтпөөгө чакырды.

Жогорку Кеңештин 22-ноябрдагы түштөн кийинки отуруму да кворумдун жоктугунан 40 мүнөткө кеч башталган. Анда депутаттар бир кесиптешинин каза болгон апасына куран окутканы кетип, жыйындан кечигип калышканы билдиришкен эле.

Количество просмотров: 24