• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ирина Карамушкина менен Иса Өмүркулов жыйында тартыша кетишти (видео)

16 Жетинин айы 2018 11:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.11.2018. Govori.TV
Иса Өмүркуловду “КСДП” партиясынан чыгаруу тууралуу фракция жыйынында Ирина Карамушкаина менен Иса Өмүркулов тартыша кетишти. А. Жээнбеков аларды тынчтандырууга аракет жасады.
 Эл өкүлү парламенттик «социал-демократтардын» лидери кызматынан кетүүгө тийиш деп билдирди. Кесиптештери аны колдогон жок
“КСДП” партиясынын лидери Иса Өмүркулов Саясий кеңештин чечимине каршы чыгып жатат”,-деп билдирди Ирина Карамушкина.
Партиянын лидерине ушул маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштаган Ирина Карамушкинага, Иса Өмүркулов тиешелүү документтердин жоктугуна байланыштуу анын сунушу кабыл алынбаганын айтты.
“Мен саясий кеңештин чогулушунда кимдер катышкандыгы тууралуу маалыматтарды сурадым. Качан толук маалымат келгенде бул маселеге кайрылабыз, — деди Иса Өмүркулов.
КСДП фракциясынын депутаттары  Ирина Карамушкинанын саясий кеңештин Иса Өмүркуловдун өздөрүнүн катарынан чыгаруу тууралуу чечимин кароо сунушун колдошкон жок.
Карамушкинаны мындай жооп канааттандырган жок. Ал Иса Өмүркулов өз кызматында мыйзамсыз отургандыгын билдирди.
“Партиянын жыйынына өзүңүз келип көрсөңүз болмок кимдер катышкандыгын. Азыр сиз өткөрүп жаткан жыйын мыйзамсыз, анткени сиз бошогонсуз”,-деди Карамушкина.
Добуш берүүдө кесиптештери колдобой койгондон кийин, Ирина Карамушкина макул болбогондугун билгизип фракциянын жыйынан чыгып кетти.
Бул тууралуу видеону «АКИ пресс» жарыялады.

Количество просмотров: 33