Парламенттеги КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгын текшериш керек деп эсептейт. Ал мындай пикирин “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп бери жатып айтты.
«Ар бир аткаминер мыйзам боюнча декларация тапшырышы керек. Анда алган кирешесин, баарын так жазыш керек. Ал мамлекет тарабынан текшерилиши керек. Эгерде туура эмес маалыматтар жазылган болсо, аны толтурган адам жооп бериши керек болот. Канча көлөмдөгү киреше, эмненин негизинде? Эгерде ишкана болсо, анын отчетун караш керек, канчасы киреше, канчасы чыгым болгонун. Эгерде андайлары жок болуп, «мен баланча жактан алгам» десе — мунун баарын текшериш керек. Сөзсүз түрдө мыйзам алдында ар бир жаран, анын ичинде Атамбаев да жооп бериши керек»,-деди Өмүркулов.
Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда «Апрель» телеканалындагы маегинде да өзүнүн байлыгы тууралуу кенен билдирүү жасаган.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …