• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Иса Өмүркулов: Коронавируска каршы эмдөөдөн өтөм

31 Жалган куран 2021 12:49 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы эмдөөдөн өтөм. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов билдирди.

«Коронавирус илдети дүйнөлүк көйгөй болуп жатат. Кайсы вакцина экенине көнүл буруп, бирок эмдөөдөн өтүү керек. Бул жалпы элибиздин коопсуздугу. Кыргызстанга вакцинанын кайсы түрү алынып келинсе, эл катары ошол вакцинаны алам»,-деди депутат.

Белгилей кетсек, 29-марттан тарта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталды. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Бул үчүн Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда атайын пункттар ачылды. Кытай вакцинасын эки этап менен алуу керек.

Количество просмотров: 89