• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Иса Өмүркулов Жээнбеков менен Зулпукаровдун кармалышы боюнча комментарий берди

31 Бугу 2021 19:13 Бишкек Govori.TV

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов  Kaktus.mediaга анын партиялаштары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун кармалды деген маалымта боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, бул факт өзү эле өтө жагымсыз. Алардын канчалык деңгээлде күнөөлүу экендигин тергөө иши аныктайт, башкысы объективдүү жүргүзүлүүгө тийиш.

Эгер алар камакка алынса, аларга барып жолугуп турасызбы деген суроого депутат: «Көрөбүз. Кудай сактасын дечи. Бирок мында уят нерсе жок», — деп билдирди.

Мурда фракция камакка албай туруп эле жаза чегерүү тууралуу ходатайствосун тууралуу Өмүркулов мындай практика азыр жүргүзүлбөй калганын айтат. Анткени тергөө ишинин жүрүшүнө кыйыр түрдө таасирин тийгизет.

Депутаттын сүйлөгөнүнө караганда, ал Жээнбеков менен Зулпукаровдун камакка алынышына таң калган деле жок.

«Кумтөр» боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Биз ага активдүү катышып, сырттан башкарууну китргизүү аракетин көргөнбүз. Экономикага, айлана чөйрөгө, сууга, мөңгүлөргө зыян келтирилди. Укмуш чоң суммалар айтылды. Макулдашуу аткарылган жок. Бул дагы кесепетин тийгизет. Долбоор коррупциянын айынан башынан эле зыян келтирчү. Мен оппозицияда жүргөндө бир нече ирет каршы чыккам», — деп белгиледи Өмүркулов.

Количество просмотров: 31051