КСДП партиясынын саясый Кеӊеши өзүнүн жыйынында тиешелүү Уставдын 2.8 пунктуна ылайык, Өмүркулов Иса Шейшенкуловичти партиянын негизги максаттарына жана тапшырмаларына карама-каршы келген аракеттери үчүн партиянын катарынан чыгаруу чечимин кабыл алды.
КСДП партиясынын штабы маалымдагандай, Жогорку Кеӊештеги КСДП партиясынын депутаттарына И. Өмүркуловду парламенттик фракциянын лидерлигинен чететтүү сунушталган.
КСДПнын тиешелүү Регламентинин 3,1 пунктуна ылайык, И. Өмүркуловдун саясый Кеӊештеги мүчөлүгү партиядан чыгарылгандыгына байланыштуу жокко чыгарылган.