• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Иса Өмүркулов: «КТ Мобайл» мамлекеттен акчаны алып бөлүп алган

15 Бугу 2019 17:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.

ЖК депутаты Иса Өмүркулов азыркы учурдагы коомчулукта катуу талкууга түшүп жаткан «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчилеринин алган айлыгы тууралуу өз пикирин билдирди.

«Мамлекеттик иш кананын ичине мамлекеттик структура куруу туура эмес болгон. Мындайча айтканда алар мамлекетик акчаны бөлүп алып, ысырап кылышкан. «КТ Мобайлдын» тегерегинде болуп жаткан окуяларды териштирип, иликтеп, ачыкка чыгаруу зарыл»,-деди эл өкүлү.

Эске салсак, «КТ Мобайл» «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгону ачыкка чыккан.

Көп өтпөй Интернетке «КТ Мобайлдын» директору Нурбек Мукамбетов 350 миң, орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң, техникалык директор Николай Дмитриенко 290 миң, долбоордун башчысы 140 миң сом айлык алары тууралуу маалымат тараган. Компаниянын жетекчисинин орун басары Эрназар Рысалиев бул маалыматты чете кагып, ишканада эң жогорку айлык 157 миң сом, эң төмөнкү айлык 18 миң сом экенин 14-майдагы басма сөз жыйынында билдирген.

Количество просмотров: 23