• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Иса Өмүркулов: Мен көчөдөн келген адам эмесмин

1 Жетинин айы 2018 10:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.11.2018.Govori.TV.
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов чукул маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин аны мүчөлүктөн чыгаруу чечимин легитимсиз деп атады.
«Реакция сөзсүз болот. Мен көчөдөн келген адам эмесмин. Абройум үчүн мен күрөштү улантам. Уставды мен бузган жокмун. Анан эми саясий кеңештин бир “кучка” мүчөлөрү мени партиядан чыгарып салышканы бул легитимсиз. Мен бул партияга өмүрүмдүн 25 жылын арнадым»,- деди Өмүркулов

КСДПдан чыкканы тууралуу Иса Өмүркулов ММК лар аркылуу уккан. Азырынча эмне себептен партиядан чыгарганынан кабары жок. Анын айтымында бардык иш-аракеттер мыйзам чегинде жүрүп жаткан. Мындан аркы кадамы кырдаалга жараша болот. Ал КСДП Атамбаевсиз деген ураан менен жүргөндөр менен жолуккан. Бирок,бул жолугушууда эч кандай партияга каршы иш болбогонун айтты.
«Бир нече облустан, бир нече партиялык уюмдардан келген адамдарды кабыл алгам. Бирок мен аларга өзүмдүн позициямды айткан эмесмин. Ошондуктан мени эмне себептен мүчөлүктөн алышканын билбейм»,-дейт фракция лидери.
Ошондой эле эгерде керек болсо Атамбаев менен да кезигүүгө даяр экенин айтып. партиянын келечеги үчүн аракет кылаарын билдирди.
Эскерте кетсек, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. Бул тууралуу партиянын катчылыгы билдирди.
Маалыматта Өмүркулов партиянын максаттарына жана партиянын уставына каршы иштерди кылганы үчүн ушундай чечим кабыл алынганы айтылат.
Количество просмотров: 45