Бишкек. 18.04.2018. Govori.TV.
Исабек Султаналиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.
Премьер-министр Сапар Исаковдун буйругуна ылайык, Султаналиев Исабек Оморбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Султаналиев буга чейин УКМКнын Тергөө башкармалыгынын 1-бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Сапар Исаков 16-апрелде бул кызматтын башчысы кылып буга чейин УКМКнын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген Болот Сүйүмбаевди дайындаган. Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Сүйүмбаев УКМК жетекчисинин орун басары кызматынан апрелдин башында бошотулган.