• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Исабеков: Буга чейин «Кумтөрдө» элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгы корголбой келген

18 Бугу 2021 16:22 Бишкек Govori.TV

 Буга чейин «Кумтөрдө» элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгы корголбой келген. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Исабеков мамлекеттик телеканалдардын бирине маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, «Кумтөр» ишканасында чет өлкөлүк жарандар дагы иштейт, бирок алардын айлык акысы кыргызстандыктардын айлык акысынан кескин айырмаланып турат.

“Айлык акынын өлчөмүн акционерлер түзүшү керек эле. Кенде иштегендердин 4-5%ы чет өлкөлүктөр. Алардын айлык акысы калган бардык жергиликтүү жумушчулардыкына барабар. Мындай теңсиздик кайдан чыкты?”, — деди ал.

Муну менен катар, Исабеков диекторлор кеңешинде Кыргызстандын өкүлдөрү бар, алардын дагы айлык акысы өтө көп өлчөмдө деп белгиледи. “Алар директорлор кеңешинде отургандан кийин өлкөнүн кызыкчылыгын коргош керек эле да, бирок алар тараптан өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо аракеттер болгон эмес. Алар көп акча алышат. Жалпысынан буга чейин эч ким Кумтөрдүн ишинде улуттук кызыкчылыкты коргобогонун айтым келет”,-деди ал.

Количество просмотров: 311