Бүгүн, 27-ноябрда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Жараян судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.
Мамлекеттик айыптоочу иштин алкагында Сапар Исаковго, Жантөрө Сатыбалдиеге, Айбек Калиевге карата коюлган айыптарды окууда. Прокурорлор келтирген жүйөдө мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков ЖЭБди модернизациялоодо коррупциялык схеманы жүргүзгөн топтун башында турган жана Кытай тарап сунуштаган TBEAнын кызыкчылыгын көздөгөн. Ал эми Сапар Исаков ЖЭБдеги коррупция боюнча эсеп жүргүзгөн эксперт Евгений Хафизов келбесе, чечим чыгарылбашы керек экенин билдирди.
Эске салсак, 2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган.