• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Исаковдун ордуна Сарпашев келди. Бишкек мэри орун басарын алмаштырды

14 Баш оона 201816:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.08.2018.Govori.TV.

Эркин Исаков мындан ары Бишкектин вице-мэри кызматын аркалабайт. Ал Бишкектин меринин орун басар кызматынан бошотулду. Бул чечим бүгүн 14-августа муниципалитет тарабынан кабарланды.

Эркин Исаковдун ордуна “Тазалык” муниципиалдык мекеменин директору Рысбек Сарпашев дайындалды. Рысбек Сарпашев турак жай коммуналдык иштер боюнча мэриянын ишин алып барат. Ал “Тазалык” муниципиалдык мекеменин директору болуп 2014-жылы июлда дайындалган.

Количество просмотров: 58