• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Исхак Масалиев: “КСДП сыртта оппозиция, ичте бийлик болбошу керек”

20 Жалган куран 201914:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.03.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев коалициялык көпчүлүктөгү фракция лидерлерине КСДП фракциясын коалициядан чыгаруу боюнча кайрылганы жаткандыгы тууралуу » Govori.TV » мультимедиялык маалымат агенттигине пикирин билдирди.

“КСДПны оппозициялык азчылыкка чыгарыш керек. Ал эми кийин алар оппозиция болобу же жокпу, өздөрү чечет», – деди Масалиев.

18-мартта Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) расмий түрдө оппозицияга өткөнүн жарыялады. Партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева эми уюм бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатына сын-пикир айтып, 2020-жылы оппозициячыл партия катары парламенттик шайлоого барышарын билдирген.

Парламентте учурда КСДП, «Республика – Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары коалициялык көпчүлүктү, «Өнүгүү-Прогресс» менен «Ата Мекен» фракциялары оппозициялык азчылыкты түзөт.

Количество просмотров: 41